Бишкек.31.03.2019.Govori.TV.
Жалал-Абадга СДПК партиясынын областтык конференциясын чагылдырууга барган журналисттер жана партия өкүлдөрү укук коргоо органдары тарабынан кысымга кабылып жаткандыктарын айтып чыгышты.
«Кечээ саат:16-17лер чамасында Сузак районунда «Күмүш-Азиз» кафесинде кечки тамактанууга отурганбыз. Бир заматта аталган кафенин айланасын 20-30дай белгисиз (биз аларды орган кызматкерлери милиция менен УКМК деп эле түшүндүк) адамдар курчап калышты. Алар бизди дааратканага чейин артыбыздан барып, сүрөткө тартып жатышты. Бир убакта, калпакчан 3-4 аксакал жана бир аял кирип келип, партиянын активисттеринин бири, партиянын юристи Нурбек байкени алып чыгып кетишти. Биз көпкө күттүк. Көпкө кирбей жоголуп кеткендиктен артынан барсак, баягы топтошкон адамдар аны курчоого алышып, сөөмөй кезеп, «сен бул жакка 7-апрелге карата митингге адамдарды уюштуруп жүрөсүң, бизге ошондой маалымат беришти»-деп кыйкырып-айкырып жатышыптыр»,- деп жазылат билдирүүдө.
Милиция тарабынан элге туура эмес маалымат берилип коомчулуктун оюн бурмалоо аракеттер жүрүп жатканын журналист белгилеп өткөн.
«Жарандык формадагы укук коргоо кызматкерлери, видеого тартып карап турушту. Бир маалда тигил адамдар журналисттерди көздөй атырылып, ар намысыбызга шек келтирген ыплас сөздөр менен тилдеп, (Жалал-Абад биздики, силер чыгып кеткиле, бул жакка бутуңар басып келбесин) дешип, региондор аралык мамилени козутушту. Колубуздан таратып кафеде чыгарышты. Учурда Сузак райондук милициясына арыз жазылды. Бирдиктүү кылмыштарды каттоо реестерине катталды. Эми муну менен менин айтаарым, Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Кылыч Жолдошев, милиция кызматкерлерин мыйзамсыз иш жасоого түртпөңүз! Өзүңүз болсо кызмат ордуңузда жок экенсиз. Мунун арты жаман болот! Кеч боло электе токтоңуз! Облустук УКМК да бар бул жакта. Алардын кызматкерлери да өзүнчө аңдууларды жасашууда. Биз кылмыш кылып жаткан жокпуз. Өзүбүздүн мыйзамдуу ишибизди кылып жатабыз. Андан көрө өлкөдөгү башка коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүгө күч жумшаңыздар….»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 6-апрелде КСДПнын кезектеги съезди өтөт.