• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда май ташыган унаа оодарылып калды

20 Бештин айы 202119:01 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда май ташыган унаа оодарылып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 409-чакырымында Беке-Чал тилкесинде «МAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, жолду тосуп калган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жеринде иш алып барышууда. Учурда башка унаалар өтүп жатат.

Количество просмотров: 1419