• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жалал-Абадда мал уурдоого шектелген кылмыштуу топ кармалды

28 Аяк оона 2020 16:14 Бишкек Govori.TV

Кара-Көлдө мал уурдоого шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-24-сентябрда Кара-Кѳл шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургундары арыз менен кайрылышкан. Алар 14-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта түнкү убакыттарда үйлөрүнүн короолорунан белгисиз кылмышкерлер эчкилерин уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпы 20 эчки уурдалып, келтирилген чыгым 150 миң сомго жакын сумманы түзгөн.

Кара-Көл ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 25-сентябрда Кара-Көл шаарынын тургундары 23 жаштагы Т.М., 19 жаштагы А.Б, 16 жаштагы Ж.Н. жана А.З. кармалган. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары А.Б. 1 айга камакка алынып, башкалары үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 85