• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда массалык мушташтан 22 жаштагы жигит каза болду

7 Бирдин айы 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 22 жаштагы жаран мушташ учурунда алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-февралында түнкү саат 01:40 чамасында Базар-Коргон РИИБдин 102 номерине ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери телефону аркылуу 20-25 жаштардагы бала көкүрөгүнө учтуу нерсе менен сайылып, денесинен жараат алып, каза болгон абалда алып келингендигин кабарлаган. Алдын ала териштирүү учурунда 2022-жылдын 5-февраль күнү саат 23:00 чамасында Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, алардын арасында жүргөн Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургунун белгисиз адам учтуу нерсе менен көкүрөк тарабына сайып алгандыгы жана ал алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Каза болгон баланын өздүгү аныкталып, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Ноокен районунун 2005-ж.т. тургуну А.Б. кармалып, 6-февраль күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 226