• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда мурда соттолгон жарандын жанынан 10,5 кг гашиш табылды

11 Кулжа 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда мурда бир нече жолу соттолгон жарандын жанынан 10,5 кг гашиш табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, Жалал-Абад облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттын партиясы менен мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы И.Ж. аттуу жаран кармалган.

«Кармалган жарандын жанынан жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды түзгөн таңгакталган 10 даана ооган түспөлүндөгү гашиш баңгизаты табылып алынган. Кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 146