• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жана ок дарылар алынды

7 Бирдин айы 2019 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2019.Govori.TV.

Уюшкан адамдардын тобунда мыйзамсыз ок атуучу курал бар экени боюнча, ошондой эле алар Жалал-Абад шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сактап жүрүшкөндүгү боюнча, Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматы оперативтүү маалыматтарды алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирген.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ОИИБнын КЖБРне (Кылмыш жана Жоруктардын Бирдиктүү Реестрине) катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 253-бер. 2-бөл. 9 (Незаконный оборот оружия, боеприпасов) менен жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган.

5-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлдү. Тергөө-оперативтүү тобу барган учурда аталган батирдин ичинде 9 киши олтурган. Алардын арасында бирөө гана мурда соттолбогон калгандары, мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап сот жообуна тартылган атуулдар жана уюшкан кылмыштуу тобдун мүчөлөрү да болгон.

Тинтүү жүргүзгөн учурда, жогоруда көрсөтүлгөн даректеги квартирадан:

1. Бир даана сайлуу ок атуучу курал.(документи жок, колдо жасалган) 2. 10-65 калибрдеги 8 даана атууга жарактуу ок даарылар алынды жана алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды.

Тергөө учурунда, жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок дарылар, мурда тоноочулук жасап соттолгон Жалал-Абад областынын Сузак районун Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Т.Ыга таандык экендиги такталып, КРнын ЖПКнын 98-берене менен Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан калган 8 атуул боюнча да тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Териштирүү учурунда, алардын арасынан Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Шарафидин уулу Замирбек 1993-ж.т. Баткен обл. Кадам Жай району Марказ айылынын тургуну, мурда КЖКнын (172-бер. 97-бер.164-бер.167-б.) 172-статья. Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу , уурулук, тоноочулук жана киши өлтүрүү менен соттолгон. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №43 (Кызыл-Кыя) мекемесинен КРнын КЖКнын 349-бер. 1-бөл. менен издөөдө качып жүргөн.

Количество просмотров: 12