• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жалал-Абадда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

29 Аяк оона 2021 16:21 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад жана Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:46да Жалал-Абадда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

«Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Михайловка, Сары-Булак, Кара-Чолок айылдарында 4,5 балл, Ак-Тоок, Орказган, Сай, Каду, Карамарт айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 балл, Ноокен районунун Масы айылында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында жана Мырзаке айылында 3,5 балл, Ош шаарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Количество просмотров: 379