• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жалал-Абадда сабалган жигит көз жумду

13 Аяк оона 2019 12:16 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында түнкү клубдардын аймагынан сабалган 26 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

«Жабырлануучу кома абалында болчу. Ооруканада эсине келбей каза болду. Ушу тапта бул кылмышка тиешеси бар деп төрт киши кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окуя 9-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун тургуну менен 22 жаштагы эки баланын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан. Натыйжада базаркоргондук жигит ур-токмокко алынып, облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Количество просмотров: 77