• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынды

15 Жалган куран 20249:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактар алынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча адистер менен биргеликте 14-мартта шаардын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурду.

Рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар (баннер) жеринде алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода түйүндөрүнө, ашканаларга, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилди.

Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Количество просмотров: 121