• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда тойканалар жабылып, коомдук транспорттор жекшемби күнү каттамга чыкпайт

1 Теке 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

1-июлдан тарта Жалал-Абадда тойканалар ишмердүүлүгүн токтотот. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тойканалар 1-июлдан тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотуп, коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50%га кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт.

«Мындан сырткары, шаар аймагындагы бардык базарлар менчигинин түрүнө карабастан, бекитилген графиктин негинде ар апта сайын бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылып турат. Ошондой эле коомдук транспорттор жекшемби күнү каттамга чыкпайт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 207