Жалал-Абадда тоноо менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-август күнү саат 04:30 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 телефонуна Ноокен районунун 24 жаштагы тургунунан кайрылуу түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 16-август күнү саат 04:15 чамасында Ноокен районунан келишкен 4 жаран Жалал-Абад шаарынын четиндеги көчөлөрдүн биринде эс алып олтурушкан. Ошол кезде бей тааныш азият улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамадагы 3-4 балдар келишип, бычак менен коркутушуп, акыркы үлгүдөгү телефондорун тартып алышкан. Келтирилген материалдык чыгым 60 миңден ашык сомду түзгөн.
Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандар кармалышты.
«Шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алар Сузак районун тургундары 1995-жылы туулган Т. Б., 1998-жылы туулган Х.Н., 1997-жылы туулган Ш.М. жана Жалал-Абад шаарынын 1997-жылы туулган Р.Э. аттуу тургуну болгон. Алардын жасаган кылмыш иштери далилденип, далил буюм зат катары бир даана бычак жана 4 даана кол телефондор алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.