Социалдык тармактарга топ жаштардын мушташып жаткан видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Тараган маалыматтар боюнча окуя Жалал-Абадда орун алганы айтылган.
Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, мушташ 10-сентябрда «Токтогул» эс алуу багында болгон. Анда тойдогулар мушташа кетишкен.
Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 17 жаран Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынып, жыйынтыгында бири бирине арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.