• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жалал-Абад: Үй өрттөнүп үй ээси каза болду

15 Бештин айы 20179:55 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын Жамашев көчөсүндө жайгашкан 50 чарчы метрлик турак үй толугу менен күйүп, үйдүн ээси  каза болгон. Бул тууралуу маалыматты ӨКМ билдирди.

Алардын берген маалыматында , үй ээсинин 67 жашта экени белгилүү болду. Анын сөөгүн окуя болгон жерге барган куткаруучулар алып чыгышкан. Ал эми жанындагы күйүк алган эркек кишини Тез жардам кызматкерлери ооруканага алып кетишип, аты-жөнү такталууда.

Учурда өрттүн эмнеден улам келип чыккан себептери иликтенип жатат.

 

Количество просмотров: 21