Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагына караштуу Чикалов айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 7 миң метр кубду түзөт. Жеринде адистер тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 1 турак жайга кооптуулук жаралганы аныкталган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийликтин берген эскертмесинин негизинде көчүрүлгөн.
«Көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундарды жайыт жерлерге мал багууга, жерди айдабоого, тоют жыйнабоого эскертүүлөр берилди»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө, анын тогузу ушул айылда жайгашкан.