• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жалал-Абадда жер силкинди

8 Аяк оона 202111:24 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда жер титирөө орун алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 06:49да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Токтогул районунун Арал айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 137