• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

26 Жалган куран 2019 11:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 26-март күнү саат 08:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 3