• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Жалал-Абадда жер титиреди

22 Чын куран 20219:20 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-апрелде таңкы саат 04:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

«Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар–Коргон районунун Үч-Булак айылында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында сезилди»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 93