• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда жигит турмушка чыгуудан баш тарткан кызды коркутуп, кол көтөрүп келген

10 Тогуздун айы 202510:16 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта тааныш жигит тарабынан сабалганы айтылган кыздын видеосу тарап, окуя Манас шаарында болгону айтылат.

Кыздын айтымында, мындай окуялар аа ага турмушка чыгуудан баш тартканынан улам башталган. 5-октябрда жигит аны мал базарга алып барып зордуктоого аракет кылып, унаа менен сүзүп өлтүрөм деп коркуткан. Кыз буга чейин милицияга бир нече жолу кайрылганын, бирок жигит жоопкерчиликке тартылбай келгенин айткан.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, 5-октябрь күнү Сузак РИИБне, Манас шаарынын 2001-ж.т. А.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү таңкы саат 07:00 чамасында ага тааныш болгон 2001-жылы туулган М.Н. аттуу бала Сузак районундагы Кызыл-Туу айылында эч бир себепсиз бети башынан уруп, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда 2001-жылы туулган А.Д. аттуу кыздын денесиндеги жаракаттардын оордук деңгээлин аныктоо максатында атайын соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

«Ошондой эле А.Д. аттуу кыз менен 2001-жылы туулган М.Н. аттуу бала экөөнүн ортосунда кыз жигит мамилеси болуп, алар үйлөнүүнү максат кылып жүрүшкөндүктөрү, алар пикир келишпестиктен улам урушуп кетишкендиктери маалым болгон», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 233