Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионуна Маматжанов Бекболот Маматжанович директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова эмгек жамаатка тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, аталган стадионду буга чейин Бакытбек Рахман уулу жетектеп келген. Ал өз каалосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызынын негизинде жумуштан бошотулган.