• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жалал-Абаддагы резонанстуу окуя. Иштен алынган Абитов жаңы кызматка дайындалды

3 Чын куран 2024 13:24 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад ОИИБдин мурдагы башчысы Жеңиш Абитов Бишкектин Свердлов райондук милициясынын башчысы болду. Маалыматты ИИМден тастыкташты.

Буга чейин соцтүйүндө күч органдары тургунду кармоодо күч колдонгону тартылган видео тараган. Анда шектүүнүн 18 жаштагы уулу атасына болушуп, милиция кызматкерин тээп жиберген. Кийин ал кайра милиция тарабынан ур-тепкиге кабылган. Бул окуя кызуу талкуу жаратып, коомчулук милициянын иш-аракетин сынга алган.

Буга байланыштуу Жалал Абад облустук милициянын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле ушул буйрук менен  облустук милициянын 13 жетекчи кызматкерине тартиптик жазалар берилгени маалымдалган.

Количество просмотров: 88