• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жалал-Абаддагы тойдо этке уулангандардын абалы айтылды

14 Тогуздун айы 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Сузак районундагы Бек-Абад айылында жылкынын этине ууланган 106 киши жергиликтүү ооруканага кайрылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 16сы ооруканага жаткырылган.

«Абалдары канаттандырарлык»,-деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 1964-ж.т. И.Р. үйүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн жана тойго келген конокторго 9-октябрь күнү союлган жылкынын эти тартылган. Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 2021-жылдын 11-октябрынан тартып дарыгерлерге кайрылышкан. 

Количество просмотров: 1208