• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жалал-Абаддын бир катар аймактарын сел каптады (видео)

10 Баш оона 2022 10:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын бир катар аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабаралашты.

Такталган маалымат боюнча кечээ, 9-августта саат 20:30–21:00 чамасында Өрүктү айыл өкмөтүндө кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, сел суулары 4 турак үйдүн мал сарайларына кирген, 1 турак үйдүн короосундагы бассейнге кум-шагыл жана жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жерине Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматы тартылып, тактоо иштери уланууда. Кырдаалга жараша бул күнү айыл аймак жана ЖТИ тарабынан техникалар тартылат.

Бегилей кетсек 9-август күнү жааган жаандын кесепетинен Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун бир катар айыл аймактарында сел жүргөн.

Количество просмотров: 173