• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Жалпы иш» фонду шайлоо учурунда 33 мыйзам бузуу каттаган

28 Жетинин айы 2021 20:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 33 бузуу боюнча билдирүү келип түштү. Бул тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунан билдиришти. 

Байкоо жүргүзүү учурунда 12:00дөн 16:00гө чейин биздин байкоочулар жүргөн эки участоктордо бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды алдык. Ушул эле мезгилде добуш берүүнүн сыры “Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары жүргөн беш участокто бузулган. Саат 16:00гө карата шайлоочулардын келүүсү 25,1%ды түздү.

“Жалпы иш” жогорудагы мыйзам бузууларга байланышкан апелляциялар жана даттануулар менен кайрылат. Фонд статистикага негизделген байкоону — шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот. Дагы 46 мобилдүү топ шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүгө жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 153