• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

“Жалпы иш” шайлоо күнү аныкталган мыйзам бузууларды атады

28 Бирдин айы 202215:35 Бишкек Govori.TV

Кайра шайлоого байкоо салган “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэл Аалиев шайлоо күнү мыйзам бузуулар боюнча 10 билдирүү түшкөнүн билдирди.

«Байкоочуга кысым: Свердлов районунда 2 билдирүү (бир УШК 1345). Тынчтык күнүнө карата үгүтөө: Свердлов округунан 1 сигнал (УШК 1331). Шайлоочулардын эркин добуш берүүсун көзөмөлдөө: 5 кайрылуу, анын ичинен 4 Биринчи Май округу (УШКлар 1040, 1202, 1210, 1213) жана 1 кайрылуу Свердлов округу боюнча»,-деди Аалиев.

Аалиев ошондой эле жалпысынан 30 мыйзам бузуулар аныкталганын кошумчалады.

Количество просмотров: 138