• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аткезчилик менен келген «iPhone» үлгүсүндөгү телефондор чек арадан өтпөй калды (сүрөт)

24 Жетинин айы 2021 17:57 Бишкек Govori.TV

“Манас” бажысынын кызматкерлери 8 миллион сомдон ашык суммадагы контрабандалык товарларды алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып кирүү/ташып чыгуу фактысына бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө “Манас” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек-Дубай багыты боюнча авиакаттамдан келген жүргүнчүлөрдү бажылык тариздөөнүн процессинде 71 санда «iPhone» маркасындагы мобилдик телефондорду – товарларды контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюлган. Товардын жалпы наркы 8 279 448 сомду түзгөн.

Жаран И.А.А. “Жашыл коридор” бажы контролу формасын тандап алуу менен (коштолуучу жүктү текшербестен), бажы органдын кызматкерине декларациялоо үчүн товарлардын жоктугун билдирген. Андан ары бажы контролу зонасынан чыгып кетүүгө аракет кылганда жаран И.А.А. “Манас” бажысынын КБЭБККБ кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Материалдар КР УКМК тергөө органдарына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 280