• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жамалдинов: Мунапыс баарына колдонулуп, эмнеге Садыр Жапаровго колдонулбайт?

5 Аяк оона 2019 11:09 Бишкек Govori.TV

Мунапыс баарына колдонулуп, эмнеге Садыр Жапаровго колдонулбайт?. Мындай пикирин бүгүн, 5-сентябрда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов айтты.

«Каптагаев өзү Жапаров барымтага алган эмес деп жатса да соттун чечими менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Мунапыс баарына колдонулуп, эмнеге Садыр Жапаровго колдонулбайт? Сот акыйкаттуу карагыла. Кыргыз эли Садыр Жапаровдун күнөөсү жоктугун билет. Кантип соттор анын күнөөсү жок экенин билбей калсын?» — деди эл өкүлү.

Эске салсак, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. 

Количество просмотров: 98