• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаманкулов: Музей кызматкерлеринин айлыгы 80% көбөйдү

12 Баш оона 2020 12:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 250дөн ашык музей кызматкеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 12-августта онлайн брифингде билдирди.

«Акыркы 1,5 жылдан бери министрликте оптимизация иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында бир канча сумманы үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон. Анын жыйынтыгында музей кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. 250дөн ашык музей кызматкеринин айлык акысы 80%га көтөрүлдү. Мурда 6 миң сом алгандар эми 9 миң сом, ал эми 8-9 миң сом айлык алгандар эми 12-13 миң сом, ал эми 9-10 миң сом алгандар эми 15-16 миң сомдон алууда», — деп билдирди министр Жаманкулов.

Количество просмотров: 125