• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаманкулов: «Жардам штабы» кыймылы түзүлдү

1 Чын куран 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Калкка жардам берүү максатында «Жардам штабы» кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде билдирди.

Министрдин айтуусуна караганда, учурда бул кыймылга жыйырмадан ашык коомдук уюм кошулду жана «Жардам штабы» Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштеп баштады.

«Негизи бүгүнкү күндө азык-түлүк, коргонуу каражаттарына муктаж болгон жарандар же үй-бүлөлөр «Жардам штабына» кайрыла алышат. Ал үчүн атайын бир канча канал иштеп чыктык. Алар саат 09:00дөн 18:00гө чейин call-борбордун «1227» түз байланыш номуруна чалып кайрылуу аркылуу (чалуу акысыз), «Народный штаб-Биз барбыз» Telegram-каналы аркылуу ошондой эле мобилдик «Жардам берем» тиркемеси аркылуу жана «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрылуусу зарыл», — деди министр Жаманкулов.

Количество просмотров: 211