• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жамбылда коронавирус жуктурганы аныкталган кыз ал жакка Кыргызстандан барган

27 Жалган куран 202012:44 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктурганы аныкталган 24 жаштагы кыз ал жакка Кыргызстандан барганы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ал Кордай районуна 24-март күнү кирип, ошондон бери карантинде кармалып турган.

«Учурда кыз жугуштуу оорулар стационарына жаткырылды, акыбалы канааттандырарлык. Байланышта болгондор текшерилип жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-мартта, Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 109га жеткени айтылган. 

Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы шаарлары карантинге жабылган болчу.

Количество просмотров: 1548