• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жамгырчиев: Казакпаевдин иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүш керек

15 Кулжа 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Казакпаевдин иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүш керек. Бул туралуу ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, абактан ооруканага которулган Казакпаевдин өлүмү өкүнүчтүү окуя болгон, бирок иш иликтенип бүткүчө ага карата тыянак чыгарып, турдүү пикирлерди айтуудан алыс болуу керек.

«Мындайды албетте эч кимге каалабайсың. Бирок эми кырсык да, кырсык каш-кабактын ортосунда деп бекер айтылбайт. Кырсык болгондон кийин сөзсүз түрдө комиссия түзүлөт, ошону менен кылмыш иши козголот, аны алкагында жооп алынып, чекит коюлат. Ал эми ичиндеги шарт болгонбу же болгон эмеспи? кыйноо болгонбу, болбогонбу? деген тууралуу айтсам мен ал жакта өзүм деле болгом, ал жерде кыйнай турганга шарт жок. Себеби, баардык жагында камералар бар, мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан кыйналды дегенден азырынча алысыраак болуубуз керек», — деди депутат.

Эске салсак, УКМКнын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда каза болгон.

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев тергөө абагынан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берип, «биз аны (ред: Марат Казакпаевди) сактап калуу үчүн бардыгын жасадык» деген пикирин айткан.

Количество просмотров: 156