• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жамгырчиев: Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформаны мыйзамдуу жол менен алып баруу керек

16 Жалган куран 2022 16:46 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформаны мыйзамдуу жол менен гана алып баруу керек. Мындай пикирин эл өкүлү Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо системасы өзгөртүүгө муктаж.

«Саламаттык сактоо тармагында реформа жасалышы керек. Бирок аны жасап жаткан адам дасыккан адис болгону маанилүү. «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген жакшы кеп бар.  Министрдин реформасына убакыт жана мөөнөт керек. Популизм болуп калышы дагы мүмкүн. Ошол эле учурда жасалган реформалардын артынан аталган министрликтин иши илгерилеши ыктымал. Кандай гана реформа болбосун, мыйзамдын алкагында болгону жакшы»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа жана министр Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери коомчулукта ача пикир жаратууда. Министр бир катар таанымал дарыгерлерди иштен алып, мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан менчик медицина борборлорун имараттан чыгаруу менен чоң реформаларды убада кылууда.

Количество просмотров: 135