• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартуу маселеси. Парламентарийлер үн катты

27 Бештин айы 202314:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап, парламентке кайрылды.

Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексининин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Депутатты жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартуу маселеси боюнча башка депутаттардын пикирин уктук.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы ошол кездеги Каржы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев “ыплас ушак” деп атап, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 134