Megacom
  • Ишенби 6 Кулжа 2020

ЖАМК: Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес

22 мая 2020 в 20:10 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиев Москва районунун Беловодск айылындагы №45 жатак абакта жаза өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайтында жарыяланды.

Кылычбек Арпачиевге карата козголгон иш коррупция беренесинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине которулуп, мунапыс менен бошотулганын парламенттин 21-майдагы отурумунда — Башкы прокуратуранын 2019-жылдагы ишинин отчёту каралып жатканда депутат Айнуру Алтыбаева айткан болчу.

Сайттагы маалымат боюнча, Арпачиев 2016-жылы эки инстанциянын чечими менен пара талап кылууга күнөөлүү деп табылган. Ал мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 14 жылга кесилген.

«Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 2019-жылы Арпачиевдин кылмыш иши кайра каралып, Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен 2016-жылы Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту чыгарган өкүм өзгөртүлгөн. Анын иш-аракети Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски редакция) 326-берененин (опузалап пара талап кылуу) 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна өзгөртүлүп, жаза мөөнөтү 10 жыл деп белгиленген.

Соттолуучудан түшкөн арыздын негизинде Арпачиевди жатак абакка которуу сунушталган. Бирок 2019-жылы 6-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясы баш тарткан. Баш тартууга мыйзамдуу негиздер жок болгондуктан 2019-жылы 17-июлда атайын комиссия Арпачиевди №45 жатак абакка которууга уруксат берген. Бүгүнкү күндө ал аталган мекемеде жаза өтөп жатат. Дагы 3 жыл 29 күн жаза мөөнөтү калды. Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес», – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 85