• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖАМК: Камчы Көлбаевге бата берген видео түрмөдө тартылганы анык

10 Үчтүн айы 2019 11:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2019. Govori.TV.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат абактардын биринде Жаңы жыл майрамы учурунда фейерверк атып, Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы атыккан Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеген видео тууралуу комментарий берди.

Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдиришинче, видео Чүй облусунда жайгашкан абактардын биринде өткөн жылдарда тартылганы аныкталды.

Интернетке Кыргызстандагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бири-бирин жаңы жыл менен куттуктап жаткан видео ушул жылдын башында тараган. Анда түрмөдөгүлөр Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеп бата кылганын көрүүгө болот. Соңунда майрамдын урматына фейерверк атылган. Видеодо айрым соттолуучулар мобилдик телефон көтөрүп жүргөнү да көрүнгөн.

Сабатарова бул окуяга байланыштуу убагында абактын жетекчилери иштен алынганын кошумчалады.

Кыргызстан абактарында телефон алып жүрүүгө тыюу салынган.

Количество просмотров: 23