• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖАМК: Он киши ачкачылыкты токтотту, төртөө улантууда

28 Бештин айы 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, ачкачылык кармап жаткандардын ичинен он киши тамак иче баштады. Алардын арасында бул ишке айыпталып жаткан алты аял да бар. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ушул тапта төрт киши ачкачылык кармоону улантып жатат. Мекеме алардын аты-жөнүн айткан жок.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Көбү 13-декабрдан тартып каршылык иретинде ачкачылык кармап баштаган.

Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Количество просмотров: 59