• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖАМК: Сапар Исаков абакка кайта элек

19 Тогуздун айы 2020 12:38 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абакка кайтып келе элек. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Исаков Молдовановка айылындагы абакта жазасын өтөп жаткан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 12-октябрда абактан чыккан саясатчыга берилген өргүү бүткөнүн, өз эрки менен келишпесе укук коргоо органдары чара көрөрүн эскерткен.

17-октябрда социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалыматтар тарады. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун кайда экени тууралуу алардын да, үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин «Азаттыка» билдирген. Буга чейин Исаков убагында абакка кайтпаганы үчүн кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, эл «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгып, шайлоону тааныбай тургандарын, аны жокко чыгарып, кайра таза шайлоо уюштурууну талап кылышкан. Митингчилер түн ичинде Ак үйдү басып киришкен. Митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды бошотушкан. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да бар болчу.

Ошондогу тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыккан. Алардын арасында Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев бар. Алар түзөтүү мекемелерине кайтарылган.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 351