• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЖАМКда “Ыр кесе” маданий иш чарасы башталды

30 Теке 2018 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.07.2018. Govori.TV

Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматы (ЖАМК) жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата  музыкалык-маданий иш чараны-“Ыр кесе” конкурсун баштады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, “Ыр кесе”  сынагына ЖАМКнын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин ортосунда болуп, катышуучулар манасчы жусуп Мамайдын 100 жылдыгы менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий-маданий сынактарга өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

«Катышуучулар ыр, күүлөрдөн тартып, “Манастан” үзүндү айтышты. Ошондой эле улуу жазуучубуздун чыгармаларынан театралдык оюн-зоок үзүндүлөрүн көргөздү. Мындан тышкары улуттук салт-санаа, улуттук тамак-аштардын жарманкеси болуп, “Ыр кесе”  абдан көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү.  Бул конкурс эми ЖАМКнын ар бир мекемесинде кезеги менен уланат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек,  ЖАМКда акыркы учурларда бир топ реформалык иштер аткарылып, жатак-абактар жабылып, түрмөлөрдө тазалык-тартип орун алды.

Количество просмотров: 8