• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жанар Акаев: Айрым депутаттардын долбоордун демилгечиси болуудан баш тартканы эрдик

10 Жалган куран 2021 18:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын долбоордун демилгечиси болуудан баш тартканы эрдик. Бул тууралуу эл өкүлү Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, аталган депутаттар катасын кийин түшүнүп, мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартканы жакшы көрүнүш.

«Ал депутаттар туура айтат. Анткени аларды башка мыйзамга кол койдуруп, референдум боюнча мыйзам долбооруна автор кылып коюшкан. Бул аябай чоң мыйзам бузуу. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай көрүнүшкө жооп берет. Ал эми бизде «бийлик менен дос болуп алсаң, баардык жоопкерчиликтен кутуласың» деген түшүнүк менен жашап калдык. Ошол себептен айрым депутаттардын баш тартканы жакшы көрүнүш»,-деди Жанар Акаев.

Количество просмотров: 129