Мындай пикирин депутат Жанар Акаев бүгүн, 25-июнда парламент жыйынында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтты.
«Он жыл мурда эл сөз эркиндигин коргоп Акүйдү алган. Ошол убакта бийлик сөз эркиндигин чектеген эле. Ошол маалда үйүндө жатып алып, чучук жеп, арак ичип отургандар азыр арабызда отурат. Сөз эркиндигине силердин кымындай да салымыңар жок. Эркиндикти эл алып келген. Жөн жаткан элди саботаж кылып жатасыңар. Бул мыйзам иштебейт»,-деди Акаев.