Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
«Шайлоодогу босого чекти төмөндөтүү боюнча буга чейин тегерек столдордо жарандык коом, депутаттар, айрым саясатчылар 5 % деп сунуш бергенбиз. Башка депутаттык топ 7%ды сунуштады. Бүгүнкү жыйында Президент 7% барьерге макул болгондой көрүндү. Бул саясий жана стратегиялык жактан дагы туура кадам десек болот»,-дейт депутат Жанар Акаев.