• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акаев эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын Баткен шаарында өткөрүүнү сунуштады

14 Бугу 202011:37 Бишкек Govori.TV

Эгемендүүлүктүнт 30 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде Баткен шаарында өткөрүү керек деген сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн,14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал мындай чоң майрамын жыл сайын кезек менен ар кайсы шаарларында уюштурган Армениянын саясатын мисал келтирди.

«2021-жылы эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин Баткен шаарында белгилешибиз керек. Андан кийинки жылы Ысык-Көл же Нарында, же Таласта. Ошентип 31-августту ар кайсы шаарларда өткөрүүнү өкмөт азыртадан пландап, бизнести ошого үгүттөп баштаса чоң бир идеологиялык жумуш болот эле. Баткен шаарынан баштасак биринчиден ички туризм. Баткен шаарын көрө элек башка облустардын эли барып көрмөк. Президент баш болуп, депутаттар, дипломатиялык корпус, туристтер бүт баары ошол жерде болмок. Анан Баткенге маани берилмек. Ошого жараша бюджеттен акча бөлүнүп, мектептер, жол, социалдык объекттер курулмак», — деди депутат Акаев.

Количество просмотров: 102