• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жанар Акаевге берилүүчү мандат башкага өтөт

15 Бештин айы 202117:41 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү.

Бүгүн, 15-декабрда кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

БШКнын маалыматы боюнча, өзгөртүүлөргө ылайык, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевге берилүүчү мандат Токтобүбү Оргалчага өтөт деп чечим чыгарган.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылышы керек.

Количество просмотров: 2553