Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алынган мүлкү жарыяланды
Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алынган мүлкү жарыяланды
31 Теке 201817:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Бишкек ЖЭБинин модернизациясына байланыштуу жемкорлукка айыпталып камакта жаткан аткаминер Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкүн “24.kg” маалымат басылмасы тизмектеп чыкты. Анда экс-премьердин өзүнө жана жакындарына таандык төмөнкү мүлктөрдүн тизмесин окууга болот.
— Бишкектин Бектенов көчөсү, 128 дарегинде жайгашкан жер үй, ЕНИ коду: 1040100050384;
— «Тойота Камри» унаасы , 2008-жылы чыккан, мамлекеттик номери-В3966ВА;
— «Мерседес Бенц 500» унаасы, 2000-жылы чыккан, мамлекеттик номери-B6316AI;
— «Мерседес Бенц Б500» унаасы, 2000-жылы чыккан, мамлекеттик номери Е4948.
Уулу Жоомарт Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган:
—Ош шаарынын «Анар» кичи районундагы 15а/51 дарегиндеги дүкөн, ЕНИ коду-511040325012601051;
— «Тойота Камри» унаасы, 2015-жылы чыккан, мамлекеттик номери-01KG881ACD.
Уулу Исламбек Жантөрөевич Сатыбалдиевга катталган:
—Чүйдүн, Сокулук районунун Фрунзе айылындагы Проектируемая көчөсүндө жайгашкан 8 жер тилкеси;
-Ош шаарынын “Ак-Тилек” кичирайонундагы 28-көчөнүн №10-дарегинде жайгашкан жер үй, ЕНИ коду- 5110403211682;
—МАЗ 6303-020 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы, мамлекеттик номери-03546М;
— МАЗ 6422 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы, мамлекеттик номери- О0153AG.
Уулу Жантөрө уулу Кубатка катталган:
— «Лексус-ЕС- 350» үлгүсүндөгү унаа, 2006-жылы чыккан, мамлекеттик номери-В7800АЕ;
— «Мерседес Бенц ОЕК280» унаасы, 2008-жылы чыккан, мамлекеттик номери- 01KG497ABF;
—«Хонда Одиссей» унаасы, 2006-жылы чыккан, мамлекеттик номери О1KG820AAR;
—МАЗ 551605212124 жүк ташуучу унаасы, 2003-жылы чыккан, мамлекеттик номери — E4926D;
—КамАЗ 6520-06 жүк ташуучу унаасы, 2006-жылы чыккан, мамлекеттик номери-Е2409С.
Жубайы Смадиярова Канышай Турдукеевнага катталган:
— Бишкектин И. Ахунбаев көчөсүндөгү 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш имараты, ЕНИ коду- 102020036002802006;
— Бишкектин И. Ахунбаев көчөсүндөгү 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, ЕНИ-коду 102020036002801004;
— «Лексус RX330» унаасы, 2004-жылы чыккан, мамлекеттик номери Е7800Е;
— «БМВ 325» унаасы, 1993-жылы чыккан, мамлекеттик номери-B5036R;
— «Тойота Прада» унаасы, 2005-жылы чыккан, мамлекеттик номери- B7800L.
“УКМКнын маалымат-борбору «24.kg» маалымат агенттигине Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш ишинин негизинде бул мүлктөрдүн баары камакка алынганын тастыктады”, -деп айтылат маалыматта.