• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары абактан мөөнөтүнөн эрте бошотулабы?

27 Тогуздун айы 2020 17:49 Бишкек Govori.TV


Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолгон Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, эгерде соттун чечимине карата 10 күндүн ичинде даттануу болбосо өкүм күчүнө кирип, Нурлан Темирбаев №27 абактан бошотулушу мүмкүн.

Эске салсак, апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын ноябрында башталып, дээрлик төрт жыл жүрдү. Анын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Алардын арасынан Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилген.

Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 25 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга, президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная менен “Альфа” атайын тобунун командирлеринин бири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 25