Апрель окуясы боюнча абакта отурган Нурлан Темирбаевдин тарткан сүрөттөрү
Апрель окуясы боюнча абакта отурган Нурлан Темирбаевдин тарткан сүрөттөрү
30 Жалган куран 201812:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
22 жылга эркинен ажыратылган Нурлан Темирбаевдин тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы маалымдап, сүрөттөрдү жарыялады.
Бул көргөзмөгө Темирбаевдин жалпы 18 эмгеги коюлса, анын баарын боёк менен тарткан. Айрымдарында өзүнүн абактагы абалын көрсөткүсү келсе, көпчүлүгүндө жаратылыш чагылдырылган.
Нурлан Темирбаевдин уулу Темирлан атасынын чыгармачылыгы тууралуу төмөндөгүлөрду билдирген.
«Атам аскердик окуу жайында окуганга чейин көркөм-сүрөт билимине ээ болгон. Бирок аскердик окуу жайды аяктап, күч түзүмүндө иштеп калгандан соң сүрөт тартуу менен алектенбей калган экен. Апрель окуясы боюнча камакка алынгандан кийин мага керектүү каражаттарды алдыртып, кайрадан сүрөт тартуу өнөрүн баштаган. Бул жерге жалпы 18 сүрөтүн алып келдик. Мунун баары үйдө илинип турган. Анткени тартып бүткөндөн кийин мен алып кетип рамкага салып илип коём. Айрым учурда тааныштарга белекке берип жүрөбүз. Өзүнүн жанында дагы бар болуш керек», — деди уулу Темирлан.
Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. 6 жыл УКМКнын төргөө абагында отуруп, 2 жыл мурун №27-колонияга которулган.
Кыргыз-тажик чек арасы такталды. Кол коюлган жыйындан тарыхый сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясында, 2025-жылдын 21-февралында, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана …