• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапакова: Жарандарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтөм

20 Чын куран 2024 9:26 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Нуржан Жапакова, ал Кара-Балта шаарынан келген.

«Өзүм юристмин жана шаардык кеңештин депутатымын. Менин ишим жарандарга юридикалык жактан жардам берүү. Депутат болгондон кийин да бул ишимди улантып келем. Негизинен бул долбоордун программасын программасын окуганда түшүнүксүз сөздөр бар экен. Ошондуктан жаңы тармактарда билим алып, үйрөнүү жана тажырыйбамды арттыруу үчүн келдим», — дейт ал.

Количество просмотров: 75