• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров 1-январда илинген «жаңы желекти» мекенчил демөөрчүлөр жасатып келишкенин айтты

15 Үчтүн айы 2024 13:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин куруп, коомчулукта талкууга алынган жагдайлар туралуу суроолорго жооп берди.

Алардын бири 1-январда илинген «жаңы желек» тууралуу болду. Садыр Жапаровдун айтымында, ал желекти илүү сунушу менен мэрияга мекенчил демөөрчүлөр кайрылган.

«Биринчи январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия макул деп жаңы желекти көтөртүп коюптур. 8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң Өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу».

Эске салсак, 1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жаңы туу илинген. Бирок ал Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желектен айырмаланган. Анда күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилген.

Ал эми президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Орунбеков Министрлер кабинети туунун акыркы вариантын толуктап, токтом менен бекиткенин билдирген.

Бирок, 8-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтына илинген туу кайрадан алмаштырылып, бул жолу Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди.

Количество просмотров: 52