• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Көкүлов: Биздин тууну алмаштырууга демөөрчүлөр кимдер экени эмне үчүн белгисиз?

7 Бештин айы 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынныда депутат Эрулан Көкүлов желек алмашылып калса ага кете турган чыгымды ким көтөрө турганына эл кызыгып жатканын айтты.

“Желекти алмаштыруу элге жакпай атат. Биринчи эле суроо буга эмне себеп болуп жатат. Экинчиден, маселе белгисиз демөөрчүлөрдө болуп турат. Биздин тууну алмаштырууга демөөрчүлөр кимдер экени эмне үчүн белгисиз? Бул Кыргызстандын эң негизги символу. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, анан эч нерсе түшүндүрбөй эле кылып жатабыз”, — деди депутат.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Бул маселе коомчулукта бир катар талаш-тартыштарды жаратып, ача кептер жаралган.

Количество просмотров: 84