• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров 20-30 жыл алдын ала көрө биле турган касиети бар экенин айтты

1 Аяк оона 2023 14:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кыска маегинде алдын ала көрө биле турган касиети бар экенин айтты. Ал бул туурасында «Акылман» президенттик лицейи боюнча берилген суроого жооп берип жатып айтат.

«Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болоорун, кайсы жол менен кетсек түз жолго түшөөрүн 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат. Бул мага Кудай тарабынан берилген сезим болсо керек.

Негизи ар бир адамда болот мындай алдын ала сезимдер. Учурда болуп жаткан жагдайларды көрүп туруп эле келечеги кандай болорун божомолдоп койсоң болот.

«Акылман» лицейинен балдар-кыздарды жакшылап даярдап чыксак, алар бир кылым алдын ала көрө билген кадрлар болот. Азыр 21-кылым. Техниканын заманы. Мындан ары андан да жогору кетебиз. Ошол үчүн биз алдын ала 22-кылымдын кадрларын даярдап коюшубуз керек.

Кечээ эле эгемендигибиздин 32 жылдыгын белгиледик. Келечекте Кудай буюрса 100 жылдыгын дагы белгилейбиз. Ошондо бүгүнкү кадрлар аба менен суудай керек болот. Келечегибиз кайсы мамлекеттер менен болорун жүз жыл алдын ала аныктап турушат. Учугубузду улап кетишет», — дейт президент.

Количество просмотров: 4709