• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров аэропорттун жаңы жетекчисине иштөөгө убакыт берди

22 Тогуздун айы 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Бактыбек Сыдыков бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолукту.

Маалым болгондой, Жапаров Сыдыковдун иштөөсүнө бир нече күн убакыт берген.

«ЖМКда жана социалдык тармактарда кызматка дайындалгандан кийин, Бакиев менен байланышы бар делген мен жөнүндө терс маалыматтар тарады. Бирок менин мурунку президент Бакиев менен эч кандай байланышым жок. Мындан улам президенттин милдетин аткаруучу Садыр Нургожоевичке жолугушууну өтүнүп, аба майдан учурда штаттык режимде иштеп жатканын түшүндүрдүм»,-деп билдирген Сыдыков.

Ошондой эле Бактыбек Сыдыков премьер-министрге аэропортто коррупциялык схемалар болбойт деп убада бергендигин кошумчалаган.

Бактыбек Сыдыков 21-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты.

Количество просмотров: 135